7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта унаасы табылып, өзү дайынсыз болгон жаранды издөө иштери бүгүн дагы уланат

751

Таласта дайынсыз болуп жаткан жарандын унаасы суудан табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Талас облусунун Кара-Буура районудагы Ак-Башат айылынын 60 жаштагы А.А. аттуу тургуну 24-сентябрда мал базарга кеткен бойдон дайынсыз болгон.

Ал эми 26-сентябрда аталган жарандын «Ауди-80» үлгүсүндөгү унаасы Көк-Дөбө айылынан өткөн Чоң-Талас каналына түшүп кеткендиги тууралуу маалымат «112» кызматына түшкөн.

«Жерине 4 куткаруучу, туугандарынан 30 адам тартылып, жеке менчик крандын жардамында унааны чыгарышты. Унаада адам жок жана айнектери ачык болгондугуна байланыштуу издөө иштери жүргүзүлүп, кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулду. Жоголгон адамды издөө бүгүн, 27-сентябрь күнү уланат»,- деп берилет билдирүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

752