7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерүү иш-чарасы өттү

658

Улуу ойчул, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн кайткан күнүнө карата эскерүү иш-чаралар өтүп, куран окутулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Талас шаарынын Нуржанова аллеясында жайгашкан Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүл коюу аземи болуп өттү. Ага министрлер кабинетинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, анын орун басарлары, Талас шаарынын мэри, уюмдардын жетекчилери катышты.

Ошондой эле Айтматовду эскерүү иш чарасы жазуучунун Кара-Буура районунун борборунда жайгашкан эстелигинин алдында дагы өттү.

Эскерте кетсек, кыргыз элинин улуу жазуучусу 2008-жылдын 10-июнунда Германиянын Нюрнберг шаарында көз жумган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

659