7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таластагы убактылуу кармоочу жайда 28 жаштагы жигит асынып алды

717

Талас облустук милициясынын убактылуу кармоочу жайында 28 жаштагы жигит асынып каза болду. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31-октябрь күнү саат 13:30дар чамасында Кылмыш-жаза кодексинин 37, 122-беренелери менен шектелип кармалган 28 жаштагы Р.У. аттуу жигит кийип жүргөн футболкасына асынып алган.

“Нөөмөттө турган кызматкер анын өмүрүн сактап калууга үлгүрбөй калган”, — деп айтылат билдирүүдө

Милициянын ыкчам тергөө тобу, медицина кызматы жана прокуратура органдары жеринде текшерүү иштерин жүргүзүштү. Аталган факты маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү жана кызматтык иликтөө иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

718