7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таластагы убактылуу кармоочу жайдын абалы адамдын өмүрүнө коркунуч жаратат

594
Таласта убактылуу кармоочу жайда текшерүү жүргүзүлүп, көптөгөн мыйзам бузуулар бар экендиги аныкталды. Бул тууралуу кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун маалыматы билдирди.
Маалыматка ылайык, убактылуу кармоочу жайдын жуунуучу бөлмөсү иштен чыкканы, душ бөлмөлөрү начар абалда, колго жасалган суу жылыткычтар техникалык талаптарга жана стандарттарга жооп бербегендиги, аны колдонууда адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаралышы мүмкүн экендиги текшерүү учурунда  аныкталган.
Абактагылар нымдуулукка, кир төшөнчүлөргө, керебеттердин жана жууркан-төшөктүн жоктугуна арызданышкан.
«Бардык мыйзам бузуулар системалуу, кыйноо жана адамдык кадыр-баркты басмырлоочу мамиле катары кабыл алынууга тийиш», — деп белгилеген аймактык өкүлчүлүгүнүн башчысы Нурлан Абдыраимов.
Ошондой эле учурда мыйзам бузуулар боюнча акт түзүлүп, ал дагы Талас облусунун прокуратурасына жөнөтүлдү.
Эскерте кетсек, 14-апрелде жабык мекемеде жогорудагы көйгөйлөр боюнча буга чейин облустук прокуратурага кайрылуу жөнөтүлгөн. Көзөмөлдөөчү орган убактылуу кармоочу жайдагы мыйзам бузууларды четтетүү боюнча тапшырма берип, бирок баары өзгөрүүсүз калган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

595