7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тарыхый күн! Бүгүн Кыргызстан менен Тажикстандын футболчулары беттешет

700

Футбол боюнча Азия Кубогуна тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстан менен Тажикстандын улуттук курама командаларынын беттеши бүгүн өтөт. Оюн борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиодо саат 21:00дө башталат.

Аталган беттеш F тайпасынын жыйынтыктоочу оюн болуп саналат. Буга чейин «Ак шумкарлар» Сингапурду 2:1, Мьянманы 2:0 менен жеңген. Тажикстан курама командасы Мьянманы 4:0, Сингапурду 1:0 менен уткан.

Беттеш командалар үчүн абдан маанилүү. Себеби уткан тарап Азия Кубогуна жолдомо алат. Ошол эле учурда Азия биринчилигине катышууга кепилдик берет.

Учурда Кыргызстан менен Тажикстанда да алтыдан упай бар. Бирок голдордун саны аз болгондуктан Тажикстандан кийинки орунда келе жатат.

Кыргызстандын футболчулары эгемендик тарыхта бир гана жолу 2019-жылы Азия чемпионатына катышкан. Александр Крестининдин жетекчилиги астында команда ⅛ финалга чейин жеткен.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

701