7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таш-Көмүрдө сел жүрүп, турак үйлөрдү каптады

1086

Таш-Көмүрдө сел жүрүп, турак үйлөрдү каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 23-май түнкү саат 00.30 чамасында Таш-Көмүр шаарында нөшөрлөп жааган жамгырдын натыйжасында сел жүрүп, шаардын Токтогул көчөсүнүн 5 жерине (жалпы узундугу 190метр) кум-шагыл түшүп (жалпы көлөмү болжол менен 180м3) жол каттамын тосуп калган. Жерине 1 автожүктөгүч, 1 автогрейдер, 1 автосамосвал тартылып, жол каттамы толук ачылды.

Ошондой эле сел суулары Токтогул кочөсүндөгү 17 турак үйдүн короолоруна кирип, алардын ичинен 9 турак үйдүн короосун ылай баскан, 3 турак үйдүн ашканасына сел суулары кирген. Короолор тургундардын күчү менен тазаланып жатат.

Таш-Көмүр шаары боюнча ӨКБнүн ыкчым тобу жана шаардык Жарандык коргоо кызматы жеринде тактоо жана уюштуруу иш-чарасын алып барууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1087