7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев: 2-сентябрдан баштап жаңы салынган Ак үйгө келип, экскурсия кылып кетсеңер болот

548

Камчыбек Ташиев 2-сентябрдан баштап каалаган кыргызстандыктар жумуш күндөрү күндүзгү убакта жаңы салынган Ак үйгө келип, экскурсия кылып кетсе болот экендигин билдирди.

“Урматтуу Кыргызстандыктар! Көптөн күткөн президенттик имараттын курулушу бүтүп, пайдаланууга берилди.

Социалдык түйүндөрдөн тегерек чети темир тосмо менен курчалганы талкууга түшүп жатканын окуп калдым. «Аянттагы Ак үйдүн тосмосун алып салышып, жаңы Ак үйдү кайра тосмо менен тосуп алышты, элден жашынышты» деген сөздөр айтылып жатат.

Биз эч качан элден жашынган эмеспиз жана жашынбайбыз.

Дүйнө жүзүндөгү бардык өлкөлөрдө президенттик имараттар мамлекеттик кайтарууга алынат.

Эгер темир тосмо менен курчабасак, анда мен мамлекеттик күзөт кызматына 50-60 кызматкерди кошумча алышым керек экен. Алардын айлык эмгек акыларына миллиондогон каражаттар кетет экен. Бул каражаттар элдин каражаттары. Ошол каражаттарды түбөлүк үнөмдөш үчүн тегерегин курчап койдук.

Мен коопсуздукка жооп берген адам катары дагы бир жолу кайталаймын. Биз элден эч качан жашынбайбыз.

Ошол үчүн 2-сентябрдан баштап каалаган кыргызстандыктар жумуш күндөрү күндүзгү убакта жаңы салынган Ак үйгө келип, экскурсия кылып кетсеңер болот.

Бул үчүн атайы сектор ачып, үч кызматкерди даярдап койдум. Алар келген элди экскурсия кылдырышат. Сөзсүз түрдө жаныңарда жарандык паспорт же ID карталарыңар болушу зарыл.

Экскурсия бир жаранга бир эле жолу болот. Кайра кайра кайталанбайт”,-деди ал.

549