7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев: «Чек ара маселесин көтөрүү — согуш жарыялоо менен барабар!»

974

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусуна барып, Бирлик айылынын тургундары менен жолукту. Анда Ташиев сөз башын Ташкенттеги эки тараптуу сүйлөшүүдөн баштап, кайсыл жер кандай чечилгенин атап өттү.

Анын айтымында, чек ара маселесин чечүү иш-аракеттери ачык-айкын жүргүзүлөт.

“Чек ара маселеси жашыруун эмес. Биз чек ара боюнча чыгарган чечимдерибизди баарын элге ачык айтып, түшүндүрүү үчүн келдик. Эч ким, эч кимге тийишпейт, бири-бириңер менен урушпайсыңар. Коңшу тараптын укук коргоо органдары, биздин укук коргоо органдарыбыз менен макулдашуу жүргүзгүлө, өз алдынча бир нерселерди жасай бербегиле. Шашпагыла, мамлекет бар, мамлекет чечет. Бул жер мамлекеттикки! Француз окумуштуусунун «Чек ара маселесин көтөрүү бул — эки өлкөгө согуш жарыялоо менен барабар» деген сөзүн айткым келип турат. Чек арага дыкаттык менен мамиле кылуубуз керек. Биз көп болсо 50 жыл жашайбыз, мамлекет миң жылдап калат. Бирок урпактарыбызга энчилүү жерди калтырып кетишибиз керек. Ошондуктан мамлекеттин мыйзамдарына баш ийип, негизгиси уруш-талаш чыгарбагыла”, – деди ал

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

975