7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев эл аралык мелдешке катышкан УКМКнын кызматкерлерин кабыл алды

364

Бүгүн, Камчыбек Ташиев ЖККУнун Башкы катчысынын кубогу үчүн күч түзүмдөрүнүн арасында болуп өткөн комплекстүү жекеме-жеке уруш боюнча эл аралык турнирге катышкан УКМКнын 9-кызматынын аскер кызматкерлерин кабыл алды.

Аталган турнир Россия Федерациясынын Москва облусунун Одинцово районунда өтүп, анда Кыргызстандын курама командасы ийгиликтүү чыгып, 1 күмүш, 6 коло медалга ээ болуп, жалпы командалык эсепте Кыргызстан 3-орунга чыкты.

Ташиев мушкерлерди жеңиши менен куттуктап, аларга бекем ден соолук жана спорттук жетишкендиктерине ийгиликтерди каалады. Ошондой эле ар бир аскер кызматчысы өз милдетине ишенимдүү болуп, улуттук коопсуздукту коргоодо кызмат кылышы керектиги белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында УКМК төрагасы өзгөчөлөнгөн спортчуларга акчалай сыйлык тапшырды.

 

365