Мыйзамсыз жол менен 14 даана уюлдук телефонду чыгарууга аракет кылуу фактысы аныкталды.
Бишкек—Казань багыты боюнча рейстин жүргүнчүсү кыргызстандык Ч.у.Н. аттуу жарандын жанынан «Apple» соода маркасынын
«iPhone 16» жана «iPhone 16 ProMax» үлгүсүндөгү 14 даана телефон табылган.
Телефондор полиэтилен баштыктарына оролуп, товар коштоочу документтери жок болгон. Белгилей кетсек, бардык уюлдук түзүлүштөр IMEI коду боюнча катталууга тийиш.
Бул факт каттоого алынып, чогултулган материалдар Башкы прокуратурага өткөрүп берилди.