7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев: Көп бала төрөгөн энелерге 2 миллион сомго чейин төлөнөт

464

Мамлекеттин коопсуздугу калкынын санына жараша болот. Элибиздин саны көбөймөйүнчө коопсуздугубузду биз сактай албай калышыбыз мүмкүн. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын шаарына иш сапары менен барганда билдирди.

Анын айтымында, учурда өкмөттө элдин санын өстүрүүгө багытталган мамлекеттик программа даярдалууда. Ага ылайык, көп бала төрөгөн келиндерге бир жолку төлөнүүчү «эне капиталын» берүү максатталып жатат.

«Мындан ары төртүнчү баласын төрөгөндөргө 100 миң сом төлөнөт. Бешинчиге 600 миң сом, жетинчиге миллион, 8-9 бала төрөгөндөргө 1,5 миллион, ал эми 10ду төрөгөндөргө 2 миллион сомдон берилет. Бул кадамга акча ашып-ташыгандан барып жаткан жокпуз. Муктаждык ушундай болуп жатат. Анткени мамлекеттин коопсуздугу калкынын санына жараша болот. Бул — олуттуу маселе», — деди Ташиев.

Ошондой эле бул программа бийик тоолуу аймактарга гана тиешелүү экенин кошумчалады.

465