7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев: Тажикстан менен чек ара маселесиндеги сүйлөшүү натыйжалуу болду

1214

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Чоң-Алай жергесиндеги кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөр майнаптуу болгондугун билдирди.

Маалыматка ылайык эки тараптын тийиштүү кызмат өкүлдөрү эртеден бери бир нече ирет жолугушууларды өткөрүп, түшкү саат 13:00гө карата бирдиктүү келишим кабыл алышкан.  7,8 пунктан турган келишим расмий жарыяланаары айтылды.

«Жолугушуу натыйжалуу болду, анын негизиде мен азыр бул жерге топтолгон укук коргоо органдарынын жана башка кызмат өкүлдөрүн өз ордуна кайтуусу боюнча приказ беремин. Жергиликтүү жашоочуларды да үй-жайына кайтарып келүү боюнча тапшырма берилет«, -деди Ташиев.

Белгилүү болгондой Тажикстан тарап буга чейин да бир нече ирет расмий жолугушууларга келип, келишим кабыл алынгандан кийин да убадасына турбай, кайра ок чыгарган учурлар катталган. Бул ирет андай учур катталбайбы, жергиликтүү элдин коопсуздугу эске алындыбы деген суроого да жооп берди.

«Буга чейинки келишимдердин кабыл алуу убактысы ар түрдүү болгон. Бирок биз келишимдерди бузбай келебиз. Мындан кийин да келишимдерге ылайык иш алып барабыз. Албетте, эки мамлекет үчүн тең элдин коопсуздугу биринчи орунда турат. Ал жагын толук эске алабыз» , -деди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1215