Кара-Суу районундагы Шаркансай каналына чөгүп кеткен 15 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү Өзбекстандан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Муркумдун сөөгү Өзбекстандын Андижан облусунун Коргон-Төбө районундагы Түштүк Фергана каналынан табылып, кечээ, 4-июнда туугандарына өткөрүлүп берилген.
Кырсык 2021-жылдын 31-майында Ош облусунун Кара-Суу районунда катталган. 2006-жылы туулган тургун каналдагы сууга агып, Өзбекстандын аймагына кирип кеткен. Аны издөө үчүн КРдин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кат жөнөткөн.
Кара-Сууда сууга агып, Өзбекстандын аймагына кирип кеткен бала табылбай жатат