7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев: «УКМКнын бир дагы кызматкери коррупционерлерден пара албайт!»

632

Бүгүн, 26-мартта журналисттерге чек ара маселелери боюнча маалымат берип жаткан Камчыбек Ташиев темадан тышкары берилген суроолорго дагы жооп берди. Анда коррупциялык иштерге катыштыгы бар делген мурдагы жана азыркы аткаминерлерден өлкө бюджетине топтолгон акча тууралуу дагы суроо берилди.

«Ооба, көптөгөн ири кармоолор болуп жатат. Бирок алар кармалып кайра үй камагына же ооруп ооруканаларга чыгарылып жатат. Жалпысынан бул эсепке канча акча которулду. Алардын акча которуусу силерди «сатып алуу» эмеспи?», — деди журналист.

«Эч кандай сатып алуу жок, биз ачык иштеп жатабыз. Себеби УКМКнын башында мен отурам. Демек, коррупционерлерден өзүмө эч нерсе албайм. Биз коррупционерлер келтирген зыянды аныктап, аларга айтып, алар тергөө менен иштешүү келишими менен аныкталган сумманы төлөп берип жатышат. Алардын баарын кантип камайбыз? УКМКнын СИЗОсунда 70 орун бар.

Мына кечээ Аманкулов төлөдү, андан мурун судья төлөгөн, Бабанов дагы төлөдү, күндө ондогон миллион сомдор мамлекетке төгүлүп жатат, мунун баары бюджетке которулат. Ал эми Өмүрбек Бабановдун иши боюнча көптөгөн изилдөөлөр жүрдү. Муну Финполиция жүргүзүп, андан кийин биз жүргүздүк. Андан кийин Бабанов менен сүйлөштүк, ал бюджетке жардам берди. Ким жардам берем десе, биз баш тартпайбыз, ал колунда бар киши, берем десе бере берсин да», — деди Ташиев.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

633