«Балким, Жогорку соттун төрайымын кылмыш жоопкерчилигине тартабыз», — дейт УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев пресс-конференция учурунда.
Анын айтымында, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева жергиликтүү сотторго автоматташтырылган тутумду киргизген учурда коррупциялык элементтерге катыштыгы болушу мүмкүн. Атайын кызматтардын колунда анын катыштыгы бар экендигине шек жараткан материалдар бар.
Жакынкы аралыкта тергөө кызматы иштин материалдарын Башкы прокуратурага өткөрүп берет, ал эми прокуратура Гүлбара Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартуу тууралуу Судьялар кеңешине өткөрүп берет.
«Эгерде тартип комиссиясы биздин ишибиздин материалдарын эске алуу менен биздин өтүнүчүбүздү канааттандырса, анда биз аны камакка алып, жоопко тартабыз», — деди Ташиев.