Парламенттин жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен депутат Камила Талиева тууралуу тамашалады.
Депутат Акылбек Жапаровго суроо узатып, ал жооп берип жатканда үнү угулбай жатканын айтып, “Катуурак айтсаңыз, угулбай жатат. Телевизорду коюп коюптур, же мен сизди көрбөйм. Боюңуз узун болсо көрөт элем”,- деген күлүп.
Жапаровдун жанында отурган Ташиев экөөнүн тең бою кыска экенин дагы айтып кетти. Жыйында отургандар алардын сөздөрүнө күлүп жиберишти.