УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы боюнча «Оберег» реабилитациялык борборуна материалдык жардам көрсөтүлдү.
Бүгүн бул борбордун түзүлгөн күнүнө карата майыптыгы бар балдарды ташуу үчүн «Мерседес Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү микроавтобустун ачкычы, баалуу белектер, ошондой эле концелярдык товарлар үчүн акча каражаты тапшырылды.
Буга чейин УКМК төрагасынын атына майыптыгы бар балдарды тарбиялап, адаптациялоону үйрөткөн реабилитациялык борбордун кызматкерлери тарабынан кайрылуу келип түшкөн. Буга байланыштуу борборго УКМК кызматкерлеринин атынан маал-маалы менен материалдык жана башка жардамдар көрсөтүлүп турат.