7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташкентте Акылбек Жапаров менен Шавкат Мирзиёев жолукту

525

Ташкент шаарына жумуш сапары менен барган министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров II Ташкент эл аралык инвестициялык форумунун алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүк жана көп кырдуу кызматташтык мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Биргелешкен бизнес-демилгелерди жана келечектүү инвестициялык долбоорлорду колдоого, экономика, өнөр жай, транспорт, логистика жана айыл чарба тармактарында кызматташууга өзгөчө көңүл бурулууда. Министрлер кабинетинин төрагасы кабыл алынган биргелешкен Жол карталарына ылайык жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча жигердүү иштердин жыйынтыгын канааттануу менен белгилеп, мисал катары жакында эле Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек музыкалык-драма театрынын капиталдык оңдоодон өткөндөн кийинки ачылышын жакшы жетишкендик деп белгиледи.

Жапаров ошондой эле жаңы редакциядагы Өзбекстандын Конституциясы жөнүндөгү мыйзам боюнча жалпы элдик референдумдун өтүшүнө ийгилик каалады. Шавкат Мирзиёев эки өлкөнүн ортосундагы практикалык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү жана өз ара аракеттенүүнүн күн тартибин конкреттүү долбоорлор менен толтурууну белгиледи.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

526