Бүгүн Ташкент шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы көчөдө улуу кыргыз жазуучусу жана ойчулу Чыңгыз Айтматовго орнотулган эстеликке гүл коюу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Кабар агенттиги жазды.
Салтанаттуу иш-чарага Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин кызматкерлери, Өзбекстан Жазуучулар союзунун мүчөлөрү, Өзбекстандагы Кыргыз улуттук маданий борборунун жана «Өзбекстан – Кыргызстан» достук коомунун жана эл аралык уюмдардын активисттери, ошондой эле Ташкентте иштеп, окуп жана жашап жаткан кыргызстандыктар менен шаар коомчулугунун өкүлдөрү катышты.
Аземде сөз сүйлөгөн элчи Дүйшөнкүл Чотонов Ташкент шаарынын көрүнүктүү көчөлөрүнүн бирине Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин орнотулушу жалпы өзбек элинин жана өлкө жетекчилигинин улуу жазуучуга болгон терең урмат-сыйынын айкын белгиси экенин баса белгиледи.
«Чыңгыз Төрөкулович Өзбекстанды өзүнүн экинчи мекени катары өзгөчө жакшы көргөн. Бул жерде анын Адыл Якубов, Асил Рашидов, Пиримкул Кадыров, Абдулла Арипов сыяктуу көрүнүктүү калемдеш достору болгон. Өзбек эли да Чыңгыз Айтматовду өз уулундай көрүп, анын жаркын элесин жүрөгүнүн төрүндө сактап келет. Улуу Айтматов кыргыз менен өзбектин кылымдарды карыткан достугунун алтын көпүрөсү болуп калды», — деди элчи.
Эскерте кетсек, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жарлыгы менен 2018-жылы Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Ташкент шаарындагы көчөлөрдүн бирине улуу жазуучунун ысымы ыйгарылган. Ошондой эле аталган көчөгө жана Ташкент облусунун Паркент районундагы кыргыз орто мектебине залкар калемгердин бюсту орнотулган.



