7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташкентте өткөн кинофестивалда Айтурган Темировага атайын сыйлык тапшырылды

1012

«Жибек Жолунун бермети» эл аралык кинофестивалында атайын сыйлык КРнын Эл артисти Айтурган Темировага ыйгарылды. Бул тууралуу Гүлбара Төлөмүшова фейсбук баракчасына  жарыялады.

Анын айтымында, сыйлык дүйнөлүк кинонун өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн берилген.

Айтурган Темировадан тышкары Радж Капур (Индия), Никита Михалков (Россия), Сайрам Исаева (Тажикстан) жана Нури Билге Жейлам (Түркия) сыйланышты. Радж Капурдун сыйлыгын уулу алган.

Сыйлыкты Кыргыз Республикасынын Эл артисти кинорежиссер Тимур Бекмамбетов тапшырды.

Ташкенттин эл аралык кинофестивалы Азия, Африка жана Латын Америкасынын эл аралык кинофестивалы катары да белгилүү болгон, СССР учурунда да (1968 -жылдан 1988 -жылга чейин), ошондой эле Өзбекстан эгемендик алган жылдары (1992 -жылы жана 1997 -жылы) өткөрүлгөн. Фестиваль 28-сентябрдан 3-октябрга чейин болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1013