7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тажикстанда чек арадан мыйзамсыз өтүүгө айыпталган кыргыз бала беш жылга кесилди

457

Тажикстанда «чек арадан мыйзамсыз өткөн» деген айып менен апрель айынын башында кармалган кыргыз жарандарынын бири беш жылга камалып, үчөөнүн соту бүгүн 16-июлга коюлган.

35 жаштагы Айбек Махмудовго укуктук колдоо болбой калды дейт жакындары. Аламүдүн районунун Василевка айылында жашаган бир тууганы Дилафруз Бакированын айтымында, иниси Айбек Махмудов апрель айынын башында Тажикстандын Жерге-Талында калган келинчегин алып келем деп барып, кармалып калган.


Ага «чек араны мыйзамсыз кесип өткөн» деп кылмыш иши козголуп, Дүйшөмбү шаарындагы тергөө абагында эки ай жаткан. Райондук сот ишти карап, 9-июлда беш жылга эркинен ажыратты. Дилафруз өзүнүн беш баласына кошуп инисинин балдарын, ата-энесин да карап жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

458