Тажикстандын куралдуу кол салуусуна кабылган чек арага чектеш Достук айылынын азыркы абалы сиз видеодо көрүп тургандай. Жеринен 7-каналдын кабарчысы Курманбек Ниязбеков билдирди.
Кыштакта куруучулардан бөлөк эч ким жок. Анткени, турак жайлары толугу менен талкаланган жана күйүп күлгө айланган. Учурда кайра куруу иштери жүрүп жатканына күбө болдук. Ошондой эле чек ара застава да аткылоодон кийин оңдолуп жатканын байкадык. Буга чейин Баткен менен Достук айылын байланыштырган жол анчейин дурус эмес болчу. Дал азыр асфальт төшөө иштери да башталыптыр.