7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тажикстандын президенти өлкөдөгү коронавирусту жеңгенин жарыялады

293



Коңшу Тажикстанда коронавирус менен ооругандар калган жок. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Аталган өлкөнүн президенти Эмомали Рахмон жергиликтүү басылмаларга берген маегинде төмөнкүлөргө токтолду:

«Январь айынын башынан бери өлкөдө коронавирус инфекциясынын жуккан учурлар катталбагандыгы бизди кубандырат. Башкача айтканда, Тажикстанда COVID-19 жок деп ишенимдүү түрдө айта алам», — деген Рахмон.

Буга карабастан Эмомали Рахмон карантиндик чараларды сактоону улантуу керектигин белгилеген.

Өткөн жылдын декабрь айында Тажикстанда күн сайын 30га жакын адамдан коронавирус аныкталып келген болсо, 1-январдан тарта алардын саны кескин түрдө азайган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

294