Маалыматка ылайык, Баткендин Лейлек районунун Эски-Оочу айылында чек ара кызматкерлери 32 жаштагы А.А. аттуу кыргызстандык айдаган Mercedes-Benz Atego үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны токтотушкан.

Унааны кароодо чек арачылар пресстелген чөптүн артына катылган 10 тонна контрабандалык жүктү (печенье, конфет, суюк май) аныкташкан. Кыргызстандыкта тиешелүү документтери жок болгон.

Протокол толтурулгандан кийин айдоочу жана унаа кийинки териштирүү үчүн компетенттүү органдарга өткөрүлүп берилген.