7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Терезеге кыпчылып калган киши мурдагы аялынын үйүнө барган

910

Кечээ, 27-апрелде Бишкек шаарындагы Улан-2 кичи районундагы батирдин терезесинин торуна кыпчылып калган 55 жаштагы киши куткарылганы маалымдалган. Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы окуя боюнча толук маалымат берди.

Маалым болгондой, 2021-жылдын 19-мартында А.Т. аттуу жаран Д.Ч. аттуу адамга чара көрүп берүүнү суранып милицияга кайрылган. Анда анын 7-апрель көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирине мыйзамсыз киргенин айткан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

21-апрель күнү Октябрь РИИБинин кызматкерлери Д.Ч. аттуу жаранды кармап келип, ага чейин эки кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканы аныкталган.

«Сурак учурунда шектүү аталган батирде мурда расмий түрдө ажырашып кеткен аялы С.А. менен жашагандыгын көрсөткөн. Жакында турак жай боюнча көйгөйлөр жаралгандыгына байланыштуу ал ашкере чараларды көрүп, терезеден кирүүгө аракет көргөнүн айткан», — деп жазылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

911