Панфилов районунун борбор шаары Кайыңдыда ымыркайдын дене табы 40 градуска жетип, Тез жардам кызматынан эч кандай жардам ала алган эмес. Кызмат чалууга баруудан баш тарткан. Бул тууралуу баланын апасы жергиликтүү маалымат булактарына билдирүү жөнөткөн.
Анын айтымында, анын баласынын дене табы бир күн бою көтөрүлүп 40ка чейин барып түшпөй койгон.
«Мен тез жардам кызматына биринчи ирет чалганымда унаа жоктугуна байланыштуу бара албайбыз дешти. Андан соң колума котөрүп алып жергиликтүү поликлиникага барууга аргасыз болдум. Ал жактан болгону шам сатып ал деп коюшту. Кайра үйдү көздөй жөнөдүк, баламдын дене табы 38-39дан түшпөй койду. Азыр 40ка жетти. Тез жардамга байланыша албай жаттым. Кийинчерээк чалганымда трубканы алып :»Биз барган күндө дагы эч нерсе кыла албайбыз», — деп коюшту», — дейт ал.
Ал эми бул тууралуу Чүй облусунун Саламаттыкты сактоо министрлигинин координатору Бактыгүл Мамытовага комментарий алуу үчүн кайрылса, бул иш боюнча чара көрүүнү убада кылды.