7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тик учак кырсыгында жабыркагандардын абалы кандай?

555

Тик учак кырсыгында жаракат алган адамдардын абалы туруктуу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

«Тез жардам ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткан төрт адамдын экөө бүгүн палатага которулат. Кырсыкта жаракат алып, Улуттук госпиталга жеткирилген эки аскер кызматкеринин да абалы туруктуу»,- деп билдиришти.

Эскерте кетсек, 17-январда “Фрунзе-1” авиабазасында Ми-8 аскердик тик учак кулап, андагы экипаждын мүчөсү каза болгон. Коргоо министрлиги бортто жалпы 11 киши болгонун кабарлап, тик учак кырсыгы боюнча кызматтык териштирүү башталганын билдирген.

 

 

 

556