7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

TikTok тартабыз деп бир нече ирет зордукталган кыз. Шектүү камакта калтырылды

1431

Буга чейин Омбудсмен институна кыздын чоң атасы кайрылган. Анда, 2021-жылы августта жигит TikTok социалдык тармагына видео тартабыз деп небересин алдап, Башкы прокуратуранын мурдагы имаратына ээрчитип барган жана бир нече жолу зордуктаган. Анын натыйжасында кыз кош бойлуу болуп, 2022-жылы эркек балалуу болгон. Кыздын чоң атасы 23-ноябрда Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына арызын берип, анын негизинде кылмыш иши козголгон. Бирок, Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү 2022-жылы эле баланын атасы ким экенин аныктай турган ДНК экспертизасы жүргүзүлгөнгө чейин дегенди негиз кылып ишти кароону токтоткон жана ДНК тест бала бир жашка толгондо аткарылышы керек деп дайындаган.

Жабырлануучу тараптын нааразылыгына карабай кылмыш иши кайра козголгон эмес. Бир жыл күтүшкөндөн кийин, тергөөчү талап кылгандай ДНК тест Орусияда жүргүзүлүп, баланын атасы белгилүү болгон. Буга карабай тергөөчү 600 долларга бааланган ДНК тестти Казакстандан өткөрүүнү талап кылган. Ошол кезде 13 жаштагы кызды зордуктоого шектүү эки жылдан ашык убакыттан бери эркиндикте жүргөн.

Буга байланыштуу Акыйкатчы институту Биринчи май райондук прокуратурасына кайрылып, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсүнүн аракетине баа берүүнү, ошондой эле анын кошумча ДНК тест жүргүзүү талабынын мыйзамдуулугун текшерүүнү талап кылган.

Бүгүн, 22-мартта шектүү кармалып, сотто бөгөт чарасы каралганы маалым болду. «Биринчи май райондук сотунун 2023-жылдын 18-мартындагы токтомуна ылайык, айыпталуучу А.К. камакта калтырылды. Ал, 17-апрелге чейин ЖАКнин №21-мекемесинде камакта болот» — деп берилет билдирүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1432