7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тилек Токтогазиев: Өлкөнү көтөрүү үчүн «экономикалык жоокерлер» керек

474

«Мөмө» ассоциациясынын төрагасы Тилек Токтогазиев: Биздин «Мөмө» ассоциациясы сырттан эч кимден эч кандай грант же башка каржылоо жардамын албайт, биз ассоцияцияга кирген фермерлер же уюмдардын мүчөлүк төлөмдөрүнүн эсебинен гана иштейбиз. Чет мамлекеттер менен мамиле түзүп, алдыңкы технологияларды өлкөгө алып келип, фермерлерге жеңилдик түзөбүз. Кулпунай өстүрүп, мөмөлөрдү вакуумдук ыкма менен кургатып, Европа мамлекеттерине сата баштадык.

Соңку мезгилде койдун кылчык жүнүнөн жер семирткич жасоо ыкмасын өздөштүрүүгө кириштик. Уяң жүн – жип, кийиз же кездеме жасоого жумшалат, ал эми кылчык жүндү биздин фермерлер өрттөп жок кылат, андан экологияга да зыян тийет. Бирок жүн 70-75 пайызга органикадан турат, ошондуктан, андан жакшы жер семирткич даярдоо мүмкүн. Жүндү эч кандай даярдыгы жок деле колдонсо дагы, ал жерди жакшы семиртет…

475