9-мартта өлкөнүн тоолуу аймактарында кар жаашы күтүлөт. Калган региондорунда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 12…17, Талас жергесинде 8…13, Ысык-Көл чөлкөмүндө 3…8, Нарын аймагында -1…4 градус болот.
Бишкек жана Ошто 15…17 градуска чейин жетет.