7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тилек Токтогазиев: Пайыздык үстөктөрдү субсидиялоого 1,1 миллиард сом бөлүндү

352

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги «Айыл чарбаны каржылоо – 9» долбоору жактыруу алдында турат. Бул тууралуу министр Тилек Токтогазиев Артем Новиков менен жолдугушуу учурунда билдирди.
Анын айтымында, быйылкы жылы жеңилдетилген кредит берүү үчүн пайыздык үстөктөрдү субсидиялоого 1,1 млрд сом бөлүнүүдө. Бул фермерлерди 6 млрд сомдон ашуун суммадагы жеңилдетилген кредит менен камсыздоого мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, айыл чарба тармагындагы GIS технологияларды ишке киргизүү боюнча долбоор ишке ашыруу алдында турат.
Кеңешменини жыйынтыгы боюнча, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине төмөнкүлөр тапшырылды:

  • 2021-жылдын 1-февралына дейре жазгы-талаа иштерин өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун толуктап иштеп чыгуу менен киргизүүсү;
  • райондорду товарлардын айрым түрүн өндүрүүгө адистештирүү аркылуу райондоштуруу тутумуна кайтуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу;
  • 2021-жылдын 1-февралына дейре «Айыл чарбаны каржылоо – 9» долбоорун бекитүү;
  • 2021-жылдын 1-февралына дейре айыл чарба техникасынын лизингине 400 млн сом өлчөмүндөгү кошумча каражаттардын бөлүнүшүн кароо;
  • Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүн иш жүзүндөгү айдоо көлөмүн көзөмөлдөө үчүн технологияларды ишке киргизүүнү тедетүү;
  • беш артыкчылыктуу багыт боюнча кошумча нарк түзүүнүн конкреттүү долбоорун киргизүү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

353