Кечээ, 27-апрелде тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Тажикстандын укук коргоо органдарынын өтүнүчү боюнча Россиянын аймагында кармалган Э.Мажитовдун укугун коргоого чакырган жарандык уюмдардын лидерлери менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө конструктивдүү пикир алмашуу болуп, Р. Казакбаев, чет өлкөлөрдөгү жарандарыбыздын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо Министрликтин жана чет өлкөлөрдөгү мекемелердин милдети экендигин баса белгиледи.
«Руслан Казакбаев жолугушуунун катышуучуларына Минск жана Кишинев конвенцияларынын негизинде кылмыш иштери боюнча эл аралык-укуктук кызматташуу боюнча өз ара аракеттерди ишке ашырууда КМШга мүчө-мамлекеттердин компетенттүү органдары – Генералдык прокуратуралары тарабынан экстрадициялоо маселесин кароонун тартибин кеңири түшүндүрүп берди.
Анын жүрүшүндө чет өлкөлөрдөгү кыргыз эмгек мигранттарынын абалы тууралуу маселелер талкууланды. Р.Казакбаев алардын укуктук статусун камсыздоо тармагындагы маселелерди жөнгө салуу боюнча пландары тууралуу айтып берди.
Өз кезегинде Р.Казакбаев чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча жолугушуулар мындан ары да улантыларын, ал эми ар кандай талаш маселелер бул процесске тартылган Тараптардын ортосунда дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу ишке ашырылышы керектигин белгиледи”, — деп берилет маалыматта.