Посмотреть эту публикацию в Instagram
Бүгүн, 11-октябрь күнү Өтмөк ашуусуна 6-7 см калыңдыктагы кар жаап, №36 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирет.
Өлкөдөгү туруксуз аба ырайына жана күз-кыш мезгилине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерине байланыштуу министрлик тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып алууга чакырат.