7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тоңдо 3 миллион сомдук эки бала бакча менчиктештирилип кеткени аныкталды

625

Прокуратура мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык объектилерди мамлекетке кайтарып берди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Туура-Суу айылындагы баасы 1 миллион 537 миң 919 сомдук бала бакчынын имараты, ошондой эле Кара-Суу айылындагы баасы 1 миллион 177 миң 145 сомдук бала бакчынын ашканасынын имараты мыйзамсыз менчикке өтүп кеткендиги аныкталган.

«Көрүлгөн чаралар боюнча, сот органдары тарабынан прокуратуранын талаптары канааттандырылып, мыйзамсыз берилген укук берүүчү документтерди жараксыз деп табылды. Прокурордун актыларынын негизинде жогоруда аталган социалдык объектилер Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн балансына алынды», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

626