Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү ишкерликке тартуу, кошумча киреше табууга көмөктөшүүгө багытталган 100 миң сомдук социалдык жардам Тогуз-Торо району боюнча 50 үй-бүлөгө берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
«Жалпы суммасы 5 миллион сомду түзгөн социалдык келишим жакырчылыктан чыгуу алкагындагы мамлекеттик программасы аркылуу ишке ашууда. Жардам алган үй-бүлөлөр чакан ишкерлигин баштап, каражатын максаттуу иштетип баштады»,- деп берилет маалыматта.