7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тогуз-Торо районунда 35 мал уурдалып, 18и мал ээлерине кайтарылып берилди

469

Тогуз-Торо районунун аймагында 2020-жылдын 25-декабрына чейинки жыл ичинде белгисиз кылмышкерлерге малын уурдатып жергиликтүү милицияга — 14 жаран арыз менен кайрылган жана жалпы — 35 бодо мал жоголгон. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Тогуз-Торо РИИБдин жетекчилигинин көзөмөлү астында тиешелүү Тергөө жана Криминалдык милиция кызматтары тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында, кылмышка шектүү делген – 6 жаран аныкталып (алар 29 жаштан 35 жашка чейинкилер), анын 5и тергөөнүн жүрүшүндө камакка алынып, 1 шектүүнүн үстүнөн издөө жарыяланган.

Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин бул багытта алып барган ийгиликтүү иштеринин натыйжасында уурдалган малдын 18 баш бодо мал ээлерине кайтарылып берилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

470