7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тойдо жасалма арактан 7 адам ууланып, бирөө каза болду

699

Өзбекстандын Фергана облусунда жети адам жасалма арактан ууланып, бирөө көз жумду. Бул тууралуу өзбек ЖМКлары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 5-сентябрда башы ооруп өзүн жаман сезген жети адам жергиликтүү ооруканаларга кайрылышкан. Дарыгерлер алар белгисиз зат менен ууланганын аныкташкан. Жабырлануучулардын баары мурда үйлөнүү тойдо болуп, арак ичишкен.

«Тергөөгө чейинки текшерүү учурунда уулангандар жергиликтүү цехте жасалган жасалма спирт ичимдиктерин ичишкени аныкталган. Бир нече жергиликтүү тургундар келишим түзүп, казакстандык Актау жана Каратау бренддеринин этикеткасын колдонуп жасалма арак чыгара башташкан. Контрафакттык товарлардын партиясы коомдук тамактануу пункттарынын бирине, ошондой эле башка ишканага сатылган. Шектүү кармалып, кылмыш иши козголгон»,- деп берилет билдирүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

700