7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тойдон келе жаткан кайык оодарылып, 100дөн ашуун адам каза болду

1155

Нигерияда кайык оодарылып кетип 100дөн ашуун адам сууга чөгүп, дагы көптөгөн адамдар дайынсыз болууда. Бул тууралуу эл аралык басылмалар билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя Нигериянын түштүк чыгышында үлпөт тойдон кайтып келе жатканда болгон. Анда Квара штатынан Нигер штатына үч жүздөн ашуун адамды ташыган кайык сууда калкып жүргөн дарак менен кагылышып оодарылып кеткен.

Квара штатынын полициясы 106 адам каза болуп, 144 адам куткарылганын кабарлаган. Учурда издөө иштери улантылып жатат.

Эске салсак, өткөн айда Сокото штатынын түндүк-батышында кайыктын оодарылып кетишинен 15 адам каза болгон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1156