7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токио: Оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков бүгүн, 16:50дө таймашка чыгат

1730

Бүгүн, 31-июлда, оор атлетика боюнча спортчу Бекдөөлөт Расулбеков Токиодогу Олимпиадада мелдешке чыгат. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги социалдык баракчасына спортчунун Токиодон мекендештерге кайрылган видеосун жарыялады.

Анда ал Олимпиада оюндарына даярдык жакшы болгонун, кыргызстандыктардын ишеничин актоого аракет кыларын айткан.

«Даярдык жакшы болду. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигине, Улуттук олимпиада комитетине, Оор атлетика федерациясына ыраазычылык айтам. Буюрса, Кыргызстандын элинин үмүтүн актап, медаль утам деген максатым бар. Таятам оор атлетчи болгон экен. Шартка жараша дүйнөлүк аренага чыга албаптыр. Мен анын үмүт-тилегин, жолун улап, бийик жетишкендиктерге жетүүгө умтулуп жатам«, — деген ал.

Белгилей кетсек, эл аралык даражадагы спорт чебери Бекдөөлөт Расулбеков 31-июль күнү саат 16:50дө жарышка чыгат. Балбан 96 кг салмак категориясындагылар арасында «А» тайпада күч сынашат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1731