Токиодогу Олимпиада оюндарында Нидерландынын спортчусу Финн Флорейн коронавирус аныкталган алгачкы спортчу-катышуучу болду. Бул тууралуу маалыматты чет өлкөлүк басма сөз каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, андан COVID-19 вирусу жума күнү кайык менен сууда сүзүү боюнча алгачкы мелдешке катышкандан кийин аныкталган.
21 жаштагы спортчу эртеси мелдештерге чыккан жок.
Ал эми жекшемби күнү Олимпиада оюндарына байланыштуу Токиодо жүргөн 10 адамдан коронавирус аныкталганы белгилүү болду.