7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токмокто үйгө ууруга кирип, 13 жаштагы кызды коркутуп телефонун тартып алган жаран кармалды

355

Токмокто тоноого шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Белгиленгендей, Токмок ички иштер органдарына 33 жаштагы У.А аттуу жаран арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 2-декабрында саат 19:00 чамасында батирине кирип, 2007-жылы туулган жашы жете элек кызынан күч колдонуп уюлдук телефонун тартып алган белгисиз адамга чара көрүүнү суранган.


Ыкчам тергөө иш-чараларынын алкагында кылмышка шектүү делип 39 жаштагы И.У. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда сотко чейинки процесстер уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

356