7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токмокто курал-жарак сакталган жай табылды

604

Токмок шаарынын аймагынан курал-жарак сакталган жай табылды. Бул тууралууу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-мартта Чүй облусунун Токмок шаарынын 3-кичи районунда жайгашкан аянттын түндүк-чыгыш тарабында ок атуучу куралдар жана ок-дарылар сакталган жай табылды.

Ал жайда, желим баштыктан кесилген сайлуу мылтык (типтүү эмес ок атуучу курал) — 1 даана, револьвер тапанчасы — 1 даана, Макаров травматикалык тапанчасы (ПМ) — 1 даана, ПМдин магазини — 1 даана табылган, ПМдин травматикалык патрондору — 7 даана (9мм), аңчылык патрондору — 10 даана (16 калибр) жана 5,45 калибрдеги — 88 даана патрондор табылган.

Ок атуучу куралдардын жана ок-дарылардын табылышынын боюнча Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан материалдар маалыматты каттоо журналына катталды.

Учурда куралдын ээлерин аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

605