Токмок шаарында 6-класстын окуучусу сабалды. Бул тууралуу Чүй облусунун милициясынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, 12 жаштагы Н. М. аттуу кызды Токмок шаардык ооруканасына алып келишкен. Дарыгерлер анын башынан жаракат алганын айтышкан.
«Окуучу кыз медициналык биринчи жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө жиберилген. Анын айтымына караганда, математика сабагы учурунда классташ баласы урган. Милиция фактыны каттап, учурда иликтөө жүрүп жатат»,— деп берилет билдирүүдө.
Учурда зарыл болгон тиешелүү соттук-укуктук эскпертиза дайындалган.