7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев Кара-Кулжада 10 балалуу үй-бүлөгө үй куруп берди

298

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Кулжада 10 балалуу үй-бүлөгө үй куруп берди. Бул тууралуу аталган кызматтан кабарлашты.

Күн мурун Ташиев 3 ай аралыгында бүт шарты менен курулуп бүткөрүлгөн жаңы турак жайды жергиликтүү тургундардын, аксакалдардын катышуусунда Чырмаш Молдояровдордун үй-бүлөсүнө тапшырды.

Чырмаш Молдояров Кара-Кулжа районунун тургуну. Бул үй-бүлөдө 10 бала бешөөсүнүн майыптыгы бар. Молдояровдор көп жылдан бери үй салууга чамасы келбей, жаңы тамга муктаж болуп келишкен. Мындан улам ушул жылдын март айында Ташиевге кайрылашкан.

Молдояровдорго жаңы үй бардык заманбап жашоо шарты менен тургузулду. Аталган үй-бүлөнүн кайрылуусуна жооп кылып, тез арада жаңы үй салып берген Камчыбек Ташиевге ыраазы болуп, чоң колдоо болгонун айтып, жергиликтүү аксакалдар ак батасын беришти.

299