УКМК тарабынан 30 млн.сомдон ашык суммадагы алтын куймаларын тиешелүү документтери жок мыйзамсыз ташып чыгуу фактысына бөгөт коюлду.
17-сентябрда Казакстандын аймагына бараткан «Кең-Булуң» көзөмөл-өткөрүү пунктунда «Лексус 470» үлгүсүндөгү автоунаа текшерилген. Натыйжада, Кыргызстандын чегинен тышкары алып чыгуу үчүн тиешелүү документтери жок жалпы салмагы 3,3 кг алтын куймалары жашырылган жай аныкталды.
Учурда тергөө иштери улантылып жатат.