7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токмокто уурулукка шектүү эки жаран кармалды

788

Токмокто уурулукка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2-декабрда 41 жаштагы жергиликтүү тургун уурулук фактысы боюнча арыз менен кайрылып, 40 тонналык контейнерди уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган. Келтирилген чыгымдын суммасы 120 миң сомду түзгөн.

Аталган факты Токмок ШИИБне Кылмыш жазык кодексинин 205 (Уурдоо) беренеси менен катталып, сотко чейинки териштирүүлөр башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүлөр аныкталып, райондук бөлүмүнө жеткирилген. Шектүүлөр уурдалган буюмду кара металл сатып алуучу жерге сатууга жетишкен.

Учурда шектүүлөрдүн башка уурулук фактыларына тиешеси бар же жогун текшерип, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

789