7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токмоктогу мал базарда карыянын 120 миң сомун уурдоого шектүү сот залынан бошотулду

1198

Токмоктогу мал базарда карыянын 120 миң сомун уурдоого шектелип кармалган жарандын иши кыскартылганын Чүй облустук сотунан билдиришти.

Маалым болгондой, карыя тосмо арыз жазган. Шектүү сот залынан бошотулган. Аталган чечимди 16-январда Токмок шаардык соту чыгарган.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Токмоктун мал базарында ашка жылкы алганы барган карыянын 120 миң сомун уурдап кетишкени тууралуу видео тараган. Жеринен жарандар ошол акчаны чогултуп, 115 миң 500 сом беришкен.

Токмок шаарынын тургуну кылмышка шектелип кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ага уурулук беренеси боюнча айып тагылып, келтирилген чыгымды милицияга кайтарып берген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1199