7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токойдо 20 жаштагы жигит киши колдуу болду. Шектүү колго түшүрүлдү

785

Жалал-Абад шаарынын аймагында орун алган Курорт тилкесиндеги мисте токоюнда 20-25 жаштагы адамдын жансыз денеси табылган. Анын киши колдуу болуп өлтүрүлгөнүн Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Бул факты боюнча топтолгон материал Жалал-Абад ШИИБге катталып, Жазык кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Ыкчам иштердин жүрүшүндө маалым болгондой, маркум Жалал-Абад шаарынын 20 жаштагы тургуну болгон.

«Соттук-медициналык экспертизанын жүрүшүндө жансыз дененин баш бөлүгүнө келтирилген жаракаттан улам баш мээге кан куюлгандан улам каза болгондугу жана анын 7 кабыргасы сынгандыгы аныкталган» деп айтылат маалыматта.

Кылмышка шектелип, Сузак районунун 2001-жылы туулган тургуну кармалып, 2 айга камакка алынган. Учурда калган кылмыштуу шериктерин кармоо иштери жана тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

786