7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токтогул ГЭСте кызмат өтөп жатып, шеригин атып качып кеткен жоокер кармалды

375

Бүгүн, болжол менен саат 16.00 чамаларда Токтогул ГЭСинин каскадында күзөттө кызмат өтөп жатып, катардагы жоокерди атып качып кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Аталган жоокердин Кара-Көл шаарынын аймагындагы турак-жайлардын биринин чатырында жашынып жаткан жери аныкталып, сүйлөшүү жолу менен колго түшүрүлдү. Качып кеткен жоокердин жанынан куралы да алынды.

Белгилеп кетүүчү жагдай, 20-ноябрь күнү Токтогул ГЭСтери каскадынын автобазасында жайгашкан №1 постунда күзөттө кызмат өтөп жаткан катардагы жоокер, Бишкек шаарынын тургуну 2002-жылкы Б.У. өзү менен чогу кызмат өтөп жаткан жоокер Ош облусунун 2003-жылкы тургуну менен пикир келишпестиктен улам колундагы кызматтык ок атуучу куралы менен атып, окуя болгон жерден куралын кошо алып белгисиз тарапка качып кеткен.

Учурда кармалган жоокер Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилген жана тергөө амалдары жүргүзүлдү.

 

 

376