7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токтогулда чет элдик туристтин унутуп калтырган ири суммадагы акчасын таап берген милиция сыйланды

1165

Чет өлкөлүк туристтин унутуп кеткен сумкасы менен акчасын таап берген Токтогул милициясынын кызматкерлери сыйланды. Бул тууралуу Токтогул райондук мамлекекттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Буга чейин Токтогул райондук милициясы германиялык туристтин май куюучу жайда калтырып кеткен ири суммадагы акчасы бар сумкасын, таап бергендиги тууралуу жазган элек.

Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Акылбек Тюкебаев Токтогул РИИБнин жогорудагы факт боюнча ак ниеттик менен кызматтык милдеттерин аткарган кызматкерлерин райондук мамлекеттик администрациянын Ардак грамотасы менен сыйлады.

Райондун аймагында коомдук тартипти сактоодо, коопсуздукту камсыз кылууда, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө жана алдын алууда талыкпай эмгектенип, ийгиликтерге жетише берүүлөрүнө тилектеш экенин билдирип, аларга бекем ден соолук каалады.

Чет элдик жаран ири суммадагы акчасы бар баштыгын май куючу жайга унутуп кеткен

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1166